МЖӨ ДОЛБООРЛОР

“Шаардык транспортту жакшыртуу” долбоору.

Долбоордун максаты: Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу кичиавтобустарды автобустарга жана троллейбустарга алмаштыруу. Бул долбоор жеке өнөктөшүк жолу менен шаардык маршруттардагы микроавтобустарды алуу жана Бишкек шаарынын чет жакаларына чыгарып кийинки жол менен жаңы автобустарды жана троллейбустарды эксплуатациялоо, ошондой эле долбоор аркылуу маршрут тармагын оптималдаштыруу каралган. Мындан тышкары, долбоор төмөнкүлөрдү карайт:

Автопаркты модернизациялоо, ошондой эле МЖӨ негизинде андан ары ишке ашыруу үчүн тандалган жеке өнөктөш тарабынан автобус жана троллейбустун бардык маршруттарын эксплуатациялоо;
Автобустар жана троллейбустар үчүн маршрутту натыйжалуу пландаштыруу.
Чечилүүчү маселелер:
• Шаарды микроавтобустардын тыгынынан азайтуу;
• микроавтобустарды шаардын сыртына өткөрүп берүү;
• Иш күндөрү автобустар менен троллейбустардын ортосундагы аралыкты кыскартуу;
Ишке ашыруунун мөөнөтү 2020-2021-жж

“Бишкек шаарында мектепке чейинки билим берүү мекемелерин курулуш” долбоору”.

Долбоордун максаты: Бишкек шаарына 10 жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемелерин (бала бакчанын) курулушу, 250 балага ылайыкталган. Долбоор малекеттик жеке өнөктөш жолу менен Бишкек шаарында жаңы бала бакчаларды куруу жана ушул бала бакчаларды эксплуатациялоо, ошондой эле балдарга сапаттуу таалим-тарбия берүү жана мектепке чейинки сапаттуу билим берүү боюнча эң натыйжалуу ыкма менен келишим түзүүнү карайт. Мамлекеттик жеке өнөктөш жолу менен келишимдин аягында бала бакчалар Бишкек шаардык мэриясынын балансына кайтарылат.

Чечилүүчү маселелер:
• Көп сандагы балдар менен иштеп жаткан муниципалдык бала бакчаларды азайтат;
• Муниципалдык жана жеке бала бакчаларда балдардын көптүгүнөн тейлөө сапатынын начардыгын; • Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин имараттарынын жана курулуштарынын абалы начар мекемелерди.
Ишке ашыруу мөөнөтү 2020-2021

“Жол боюна муниципалдык унаа токтоочу жайларды уюштуруу” долбоору

Долбоордун максаты: Бишкек шаарынын жол боюндагы муниципалдык унаа токтоочу жайларды жогорку деңгээлде тейлөө менен натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу; Унаа токтотуучу жайлардын жыйымдарын толугу менен чогултууну камсыз кылуу жана жолдордун жанындагы унаа токтотуучу жайларга жаңы ыкмаларды киргизүү. Долбоор муниципалдык унаа токтоочу жайларды жеке өнөктөштүн натыйжалуу башкаруусун камсыз кылуу, унаа токтотуучу жайлардын тейлөө кызматтарынын тийиштүү деңгээлин камсыз кылуу, унаа токтотуучу жайлардын акысын толугу менен чогултуу жана жолдордун жанындагы унаа токтоочу жайларга жаңы ыкмаларды киргизүү максатында акы төлөп турган унаа токтотуу жайын камтыйт. Маселелерди чечет:
• Шаар көчөлөрүндө унаалардын башаламан токтошу;
• Унаа тыгындарын жана булгоочу заттарды таштоону азайтуу;
•Акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайлардан шаардык бюджетке кошумча кирешени;
• Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө тыгындарды.
Ишке ашыруу мөөнөтү 2020-2021

” Ишкерлерди тейлөө борбору “долбоору
Долбоордун максаты:
Маалымат алуу, консультация берүү үчүн жалпы аянтчаларды түзүү, окутуу жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жана лицензия берүүмүмкүндүк берет.
Ишкерлерди тейлөө борбору “бир терезе” принциби боюнча уюштурулат жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бардык талаптарына туура келет

Ишкерлерди тейлөө борборунун курулушун МЖӨ долбоору катары ишке ашыруу сунушталууда. Курулган объект келишимдин жана долбоордун өзүн актоо эсептөөлөрүнө жараша өнөктөшкө көрсөтүлгөн мөөнөткө берилет. Ижара мөөнөтү аяктаганда,
өнөктөш борборду мэриянын балансына өткөрүп берет. Ушул долбоор ийгиликтүү ишке ашса, мындай МЖӨ долбоорлор аркылуу эскирген жана жараксыз имараттарды оңдоп түзөөдөн откөрсө болот.

Маселелерди чечет:
• Субъекттер үчүн мамлекеттик кызматтарды алууну жеңилдетүү;
• Ишкердик субъекттеринин билимин жогорулатуу;
• Ишкердик субъекттерин маалымат менен камсыздоо;
• ЧОБнын санын көбөйтүү;
• Ишкер менен малекеттин ортосундагы түз байланыштарды четтетүү;
• Ишкерлер үчүн мамлекеттик жөнгө салуунун ачык-айкын системасын түзүү;
• Мамлекеттик кызматтарды жана лицензиялык документтерды алууду ишкерлердин чыгымдарын азайтуу;
• Баштапкы ишкерлердин потенциалын жогорулатуу;
• ЧОИнин техникалык жөндөмүн жана компетенттүүлүгүн жогорулатуу;
Ишкерлерди тейлөө борборунун негизги функциялары:
Маалымат жана консультация
• Мамлекеттик кызмат көрсөтүү
• Экспортту илгерилетүү
• Билим берүү жана окутуу
• Бизнес-инкубатор
• Финансы кызматтары
” Башкаруу борборун куруу” МЖӨ долбоорун ишке ашыруу, учурда Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү менен биргеликте Бишкекте борборду куруу үчүн Ак-Босого жаңы конушунун аймагында жер бөлуп беруу маселеси суйлошүүдө.