СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫ

“Жагымдуу шарттар шаары” 2017-2020-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү
ПРОГРАММАСЫ

I бөлүк. Киришүү

2017-2020-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча “Жагымдуу шарттар шаары” Программасы Бишкек шаарын жакынкы 4 жылга өнүктүрүүнүн багытын аныктаган комплекстүү стратегиялык документ болуп эсептелет.

Жаңы программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу зарылдыгы динамикалык түрдө алмашып жаткан сырткы факторлор, ошондой эле борбор шаардын жашоочуларынын жана меймандарынын өсүп жаткан муктаждыктары менен шартталып жатат. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө шаарлар деңгээлиндеги атаандаштык өсүп жатат. Бишкек эл аралык мейкиндикте өзүнүн татыктуу ордун ээлөөгө жана Борбордук Азиянын эң көрктүү шаарларынын бири болууга умтулууда.

Шаардын өнүгүү ийгилиги административдик-саясий, экономикалык, илимий, билим берүү, тарыхый-маданий, туристтик борбор, республиканын негизги транспорт түйүнү, финансылык ресурстардын концентрацияланган борбору катары жалпы өлкө үчүн маанилүү.

Бул программаны кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан “Жаңы доорго кырк кадам” мамлекеттик программасынын жана 2018-2022-жылдар мезгилине карата аймактык саясат концепциясынын кабыл алынышы менен дал келип олтурат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасында 40 кадамдын бир кадамында шаардык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча кадам аныкталган, ага шаарды өнүктүрүүнүн программасына ылайык иштелип чыккан, Бишкек шаарынын келечектүү долбоорлору кирген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Таза коом” программасынын биринчи кадамынын алкагында, “Акылдуу шаар” долбоорун киргизүү боюнча иш-чаралар комплекси каралган.

2018-2022-жылдар мезгилине карата аймактык саясат концепциясы боюнча базасында өнүктүрүү борборлорун түзүү үчүн 20 шаар жана калк жайгашкан пункттардын катарында Бишкек шаары пилоттук шаар катары аныкталган. Аймактык маалыматтык-коммуникациялык сервис борборуна кайра түзүлүү Бишкек шаары үчүн биринчи деңгээлдеги өсүү таянычы болуп эсептелет.

Бул Программа мурдагы 2009-2012-жылдарга карата “Жаңыланган шаар” Бишкек шаарын өнүктүрүү программасы, 2014-2018-жылдарга карата “Ачык мүмкүнчүлүктөр шаары” Бишкек шаарын өнүктүрүү социалдык-экономикалык программасы сыяктуу Бишкек шаарынын башкаруу жана стратегиялык документтерин улантуучу мүнөзгө да ээ.

Документти иштеп чыгуу Бишкек шаарынын тургундарынын жана анын меймандарынын көптөгөн сунуштарын, күтүүлөрүн жана эскертүүлөрүн эске алуу менен жүргүзүлдү. Шаарды өнүктүрүү программасынын функциясы – бул шаардыктардын бардык жаратуучу жана конструктивдүү катмарынын, демилгечи топтордун жана муниципалдык институттардын, ошондой эле өнөктөштөрдүн Бишкек шаарынын туруктуу өсүшүнө багытталган өнүгүү боюнча иш-аракеттерин координациялоо эсептелет. Бирок ошону менен бирге, ишке ашыруу боюнча негизги жоопкерчилик Бишкек шаарынын мэриясына жана бардык муниципалдык кызматтарга жүктөлөт.

Программа Бишкек шаарын өнүккөн инфраструктурасы, жарандардын жаркын маанайы, көчөлөрдүн жана сейил бактардын жагымдуулугу, бардык курактагылар үчүн шаардык жашоонун ар түрдүүлүгү менен байланышкан, эң жакшы социалдык-маданий мүнөздөгү заманбап иштиктүү борборго айландырууга багытталган.

II бөлүк. Учурдагы абалды талдоо

1-глава. Бишкек жөнүндө маалымат

Бүгүн Бишкек шаары – борбор шаар, Кыргыз Республикасынын жаны жана жүрөгү, анын саясий, экономикалык, илимий жана маданий борбору, башкы транспорт түйүнү.

Шаар жаңы жашоого умтулууда. Ал эркин ишкердик, динамикалуу өнүгүп жаткан дүйнөгө адекваттуу шайкеш келүү талаптарынын, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жана технологиялардын шарттарында тездик менен кайрадан жаңыланууда.

Бишкек шаары республиканын түндүгүндө Тянь-Шань тоо кыркасында, деңиз деңгээлинен 700-900 м бийиктикте жайгашкан. Географиялык жактан ыңгайлуу орун алгандыгына байланыштуу, шаар укмуштуудай кооз жаратылыш жайларына жакын жайгашып, Борбордук Азиядагы эл аралык туризмдин борборлорунун бири болуп эсептелет.

Бишкек шаары – жагымдуу жана экологиялык жактан таза жашоо үчүн жаратылыш ресурстары менен бай, таза жана даамдуу ичүүчү суусу, таза абасы, кооз жаратылышы, ак карлуу тоолору, орто климаты жана башка жагымдуу шарттары бар шаар.

Бул жерде көпчүлүк музейлер, галереялар, дүкөндөр, сейил бактар, гүл бакчалар, аянттар, ресторандар жана кафелер жайгашкан. Бишкек Борбордук Азиядагы чет элдик студенттер көп окуган, илим-билимдин чоң борбору болуп саналат.

Борбор шаарыбыз Бишкек чет элдик мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүн кең пейилдик менен кабыл алып, жайгаштырды. Бишкекте республиканын мамлекеттик бийлигинин бардык жогорку органдары, республикадагы эң ири экономикалык субъекттердин өкүлчүлүктөрү жайгашкан.

Шаар калкы өсүүнүн тез темпи менен мүнөздөлөт, бул башка аймактардан келген ички миграциянын жана төрөлүүнүн жогорку деңгээли менен шартталат. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин 2017-жылдын январына карата маалыматы боюнча шаарда туруктуу жашаган калктын саны 980 миң адамды түзгөн, накталай калктын жалпы саны 1,1 млн. адамды түзөт. Демографиялык болжолго ылайык, 2020-жылга карата 1,2 млн. адамга чейин өсүү күтүлүүдө.

Бишкек шаарындагы калктын курамы жаш – балдар жана өспүрүмдөр жалпы сандын 46 пайызын түзөт, ишке жөндөмдүү курактагылар – 43 пайызды жана ишке жөндөмдүү курактан улуулар – 11 пайызды түзөт.

Бишкек шаары дайыма көп улуттуу шаар болгон жана кала берет, шаарда 20дан ашык улуттар жашашат, бул жашоонун маданий көп түрдүүлүгүнө шарт түзөт.

Шаардын географиялык жайгашышы, ири трансулуттук автомобилдик магистралдарда жайгашкан Борбордук Азиянын чоң шаарлары менен транспорттук байланышы, ошондой эле Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушу, шаарлар ортосундагы глобалдык экономикада жана эл аралык атаандаштыкта Бишкектин татыктуу орун ээлеши үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Бүгүнкү күндө шаар тарабынан иштелип чыккан региондук дүң продукт, жалпы мамлекеттикинен 36,8 пайызды түзөт. Кошулган бааны түзгөн негизги экономикалык багыттар төмөнкүлөр болуп эсептелет: рыноктук кызмат көрсөтүүлөр – 68%, анын ичинде соода – 19%, курулуш – 7%, өндүрүш – 5%.

2-глава. Кыймыл траекториясы

Азыркы учурда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен (Европалык өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы, Кытай Эл Республикасы, Швейцария өкмөтү, Европа Биримдиги) инфраструктураны жакшыртуу жана шаарды көрктөндүрүү боюнча муниципалдык чоң долбоорлор ишке ашып жатат.

Биринчи багыт суу менен камсыздоону жакшыртуу жана шаар канализациясын калыбына келтирүү менен байланыштуу. Мында негизги күч “Орто-Алыш” суу тосмосундагы кубаттуулукту жогорулатууга, магистралдык суу түтүгүн жана канализациялык коллекторду курууга, суу түтүк тармактарын кайра курууга жумшалат да, шаардыктардын таза суу жана канализация менен камсыздалышы жакшырат.

Катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашыруу толук кандуу жүрүп жатат. Катуу тиричилик калдыктарын төккөн жайды толук жабуу жана рекультивация жүргүзүү, жаңы, ошондой эле эл аралык стандарттарга жооп берген санитардык полигонду жана таштандыларды сорттоочу цехти куруу пландаштырылууда. Шаардын санитардык абалын жакшыртуу жана таштандыларды өз убагында чыгарып туруу үчүн 5000 контейнер, 33 таштанды чыгаруучу машина сатылып алынды жана таштанды чогултуу үчүн 800 аянт курулду.

Жол коопсуздугунун жана калкты транспорттук тейлөөнүн деңгээлин жогорулатууга багытталган, шаардын транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга өзгөчө маани берилип жатат. Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен 6,32 км узундуктагы 5 көчө салынды жана кайра курулду.

2016-жылы кварталдар ортосундагы жана кичирайондор ичиндеги жолдорду кайра куруу жана реконструкциялоо боюнча программаны ишке ашыруу башталган. Бул борбордук көчөлөр жана магистралдар менен бирге жергиликтүү маанидеги кичи райондордогу жана кварталдардагы жолдорду оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирет. Программа 98 км жалпы узундуктагы 92 көчөнү камтыйт жана 2018-жылга чейинки мөөнөткө эсептелген.

Аялдама комплекстери калыбына келтирилип жана көрктөндүрүлүп жатат, жөө жүрүүчүлөр үчүн “коопсуз аралчаларын” уюштуруу менен борбордук көчөлөрдөгү жол кесилиштер кайра курулуп жатат. Жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында 2 жер астындагы өтмөк кайра курулуп, жөө жүрүүчүлөр көп өткөн жерлерде 2 жер үстүндөгү өтмөктү куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Шаардын негизги магистралдары боюнча бөлүп туруучу тоскоолдор орнотулду, айрым жол кесилиштеринде айланма кыймыл уюштурулду.

Жол кыймылын жөнгө салуу техникалык каражаттары талапка ылайык келтирилип жатат, акыркы эки жылдын аралыгында 4000 жол белгиси орнотулду жана алмаштырылды, өткөөл жолдогу белгилер жаңыртылды, кошумча 10 светофордук объект орнотулду, 16 светофордук объектке кошумча секциялар, 13 жол кесилишине ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн үн чыгарган каражаттар орнотулду. 2016-жылдан бери бардык жол белгилери заманбап талаптарга жооп берген, көпкө чыдай турган материалдардан (жарык чагылдырган элементтери бар термопластик, муздак пластик) жасалып жаткандыгын белгилеп кетүү керек.

Бишкек троллейбус башкармалыгынын энергия чарбасынын ишинин ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Паркты ыңгайлуу көп орундуу жүргүнчүлөр транспорту менен толуктоо үчүн максаттуу иштер жүргүзүлүп жатат, жакын арада шаарда 52 жаңы троллейбус пайда болот.

Шаарды жарыктандыруу чөйрөсүндө колдонуудагы жарык точкаларын заманбап энергия сарамжалдоочу LED түрүндөгү жарыктандыруучу приборлорго алмаштыруу боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлүп жатат. 2016-жылдан бери колдонуудагы жарык точкаларынын жалпы санынан 38 пайызы же 10 миң бирдиктен ашыгы модернизацияланды.

2017-жылы Бишкек ЖЭБин (ТЭЦ) реконструкциялоо долбоору аяктады. Аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча ЖЭБдин орнотулган кубаттуулугу 812 МВтка жетти, реконструкциянын жүрүшүндө айлана-чөйрөгө зыян келтирүүнү төмөндөтүү максатында жана катуу экологиялык талаптарга жооп берген түтүн газдарын толук тазалоочу система ишке киргизилди.

Электр менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу жана борборду энергетикалык коопсуздук менен камсыз кылуу максатында, жогорку вольттуу “Орто-Сай” (Орто-Сай базары), “Спорт” (Исанов көчөсү/Чүй пр.), “Бишкек” (Т.Айтматов көчөсү/Салиева к., Саратовская) көмөкчордондорунун курулушу аяктап жатат, долбоордун жалпы баасы 8,5 млн. АКШ долл. түздү. Шаардын түндүк бөлүгүн электр менен камсыз кылуу максатында, Тепличная көмөкчордонунан “Калыс-Ордо” конушуна чейин 8 км. созулган электр өткөрүү линиясы курулду.

Кыргызстандын энергетикалык тармагынын тарыхында биринчи жолу экологиялык кырдаалды жакшыртуу жана отун ресурстарын колдонууну азайтуу максатында Бишкек шаарында “Бишкекжылуулукэнерго” КИнин күчү менен Жал кичи районунда “Гагарин” от казанында 800 кв.м аянттагы жана кубаттуулугу 0,5 МВт болгон өнөр жай гелиоколлектору курулду. Бул демилгенин ийгиликтүү жыйынтыгын эске алуу менен муниципалитет 64 шаардык отказанда гелиоколлекторлорду курууну пландаштырып жатат.

“Газпром-Кыргызстан” ЖЧКнын инвестициялык программасынын алкагында Бишкек шаарынын конуштарын газ менен камсыздоо боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө жалпы 2 миңден ашык үй чарбаларын (Керемет, Касым, Кайынды, Керамическая, Щербакова, Балбан Таймаш, Буурдинская, Жеңиш жана Саламалик) камтыган шаардын 9 конушун газ менен камсыздоо боюнча иштер аяктады.

“Бишкекжылуулуктармагы” ААК 2016-жылы түштүк зонанын турак жай райондорун ысык суу жана жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу үчүн № 7 насос станциясынын курулушун аяктады.

“Жашылдандыруукурулушу” МИнин жылуулук чарбасын масштабдуу кайра куруу иштери жүргүзүлдү. Питомникти реконструкция боюнча масштабдуу иштер толук жүргүзүлүп жатат, бул жакынкы 3-4 жылда борборду өздүк өндүрүштө өстүрүлгөн жогорку сапаттагы көчөттөр менен камсыздоого мүмкүндүк берет. Акыркы 20 жылда жаңыланбаган жашыл фонддун аянычтуу абалын эске алуу менен, мэрия тарабынан шаардык жашылдандырууну реконструкциялоо программасы ишке ашырылып жатат, бул иштин алкагында “Жашылдандыруукурулушу” МИси тарабынан чоң өлчөмдөгү көчөттөрдү отургузуу иши жигердүү башталды. Үстүбүздөгү жылы 6000 бак отургузулду. Жыл ичинде 15 миң чоң өлчөмдөгү клен, эмен, катальпа, кайың, ясень, каштан, терек, чынар жана липа сыяктуу көчөттөрдү отургузуу пландаштырылып жатат.

2016-2017-жылдар мезгилинде сугатты камсыздоо үчүн 35 км ирригациялык тармактары, 8,1 км сугаруучу суу түтүктөрү курулду жана реконструкцияланды, 15 скважина ишке киргизилди.

Муниципалдык ишканалардын ишинин натыйжалуулугун камсыздоо үчүн коюлган милдеттерди эске алуу менен, шаардык бюджеттин олуттуу каражаттары адистештирилген техника паркын жаңылоого багытталды. 2017-жылы эле 48 бирдик ар кандай машина жана жабдуулар сатып алынды.

Шаардык жолдорду, тротуарларды жана сейилбак чөлкөмдөрүн жай жана кыш мезгилинде өз убагында тазалоо жана тейлөө үчүн адистештирилген кар чыгаруучу техника, тротуар шыпыруучу машиналар жана кичитракторлор алгачкы жолу сатып алынды.

2016-2017-жылдар мезгилинде социалдык инфратүзүмдүн төмөнкү объекттери ачылып, реконструкцияланды: “Калыс-Ордо” конушунда 660 орунга жана “Жал” кичирайонунда Кытай Эл Республикасынын грантынын каражаттарына 600 орунга 2 мектеп, “Көк-Жар” конушунда 280 орунга, “Кайыңдыда” 50 орунга, “Көлмөдө” 140 орунга 3 бала бакча. “Ак-Ордо” конушунда мектептин курулушу аяктоо алдында. Алып жүрүүчү конструкцияларды күчөтүү менен оңдоо-куруу иштери 4 мектеп боюнча жүргүзүлүүдө. Ушунун аркасы менен 2800 орунга кубаттуулук көбөйөт. Асанбай кичирайонунда жана Жаш Гвардия проспекти боюнча “Оберег”, “Рука в руке” коомдук уюмдарына өткөрүлүп берилген 2 бала бакча кайтарылып, оңдолду.

Шаардык маданиятты өнүктүрүү жана шаардык коомдук мейкиндиктерди, окуяларды түзүү планында шаарда маданияттын эл аралык Бишкек форуму CIOFF Азиятынчокеан секторун тосуу иш-чаралары өткөрүлдү, анын алкагында расмий эл аралык уюмдардын кыргыз маданиятынын жана дүйнөнүн улуттук маданиятынын бетачары көрсөтүлгөн; эстафета боюнча ачык асман алдында райондук музыкалык кечелер өткөрүлүүдө; TENGRI music 2017 классикалык музыканын III эл аралык фестивалы өткөрүлдү. Жашоонун сергек мүнөзүн пропагандалоо, балдарды жана өспүрүмдөрдү дене тарбия, спорт менен машыгууга тартуу максатында бардык жалпы билим берүү уюмдарында 8000 баладан жана өспүрүмдөн ашык катышуучуну жалпы камтуу менен спорттун 13 түрү боюнча “Мектеп Лигасы” долбоору өткөрүлүүдө. Долбоордун өзгөчөлүгү – бул долбоорго спорттук ийримдерге тартылбаган балдар жана өспүрүмдөрдүн катышкандыгында.

3-глава. Өнүгүүгө таасирин тийгизүүчү факторлор

§ 1. Географиялык фактор

Бишкек шаары үчүн азыртадан эле калктын ашыкча концентрациясы мүнөздүү, ушуну менен калктын туруктуу өсүшү күтүлүүдө. Бул шаардын милдеттенмелерине басымдын өсүшүнө алып келет жана бул жөнүндө азыртадан ойлонуу зарыл. Ошондой эле татаал сейсмологиялык жана инженердик-геологиялык шарттар мүнөздүү.

Шаардын шаар куруучулук кеңейиши түндүктөн түштүккө чейин чектелген, себеби шаардын түндүк райондорунун негизги бөлүгү кыртыштарды жок кылуу шарттарында 10 баллдык сейсмикалык чөлкөмдө жайгашкан.

Түштүгүндө шаар тектоникалык кыйроолорго, Борбордук жана Батыштык адырларга тыгыз жакындашкан. Бул фоктор өнүгүү чөлкөмүн жана курулуштун кеңейишин олуттуу чектейт.

Ушуну менен, башкы планга ылайык шаарды батыш жана чыгыш багытта кеңейтүү болжолдонууда. Бирок бул аймактар азыркы убакта Сокулук жана Аламүдүн райондорунун администрациялык чектеринде турат.

Анклавдык аймактарды муниципалдык менчикке өткөрүп берүү маселесин жөнгө салуу, шаардын администрациялык чектерин аныктоо жана бекитүү талап кылынат.

§ 2. Урбанистикалык фактор

Бишкек шаарын 2025-жылга чейинки мезгилге өнүктүрүүнүн башкы планы шаар куруу кырдаалына толук ченемде жооп бербейт. Акыркы жылдары шаардын ДПД жана инженердик тармактарды өнүктүрүү схемасынын жоктугунда мажбур ченем катары имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо, куруу курулуштун долбоорунун эскиздерине ылайык, б.а. толук шаар куруу документтери жок жүргүзүлүүдө. Шаардык аймактардын курулушунун тутумсуздугу келечектүү шаардык өнүктүрүүнүн кармоо факторлорунун бирине таандык болушу мүмкүн.

Бүгүнкү күндө кырдаал куруу үчүн ыңгайлуу аймактардын толук жоктугу менен мүнөздөлөт. Шаар социалдык-тиричилик багыттагы объекттерди куруу жана турак жай курулушу үчүн керектүү муниципалдык жер фондун бөлүүгө жана түзүүгө байланышкан чоң кыйынчылыктарга дуушар болууда.

Бишкек шаарынын инженердик тармактарын өнүктүрүү кубаттуулуктарды өнүктүрүүнүн, реабилитациялоонун, модернизациялоонун жана көбөйтүүнүн комплекстүү программаларын иштеп чыгууну талап кылат.

Жерлерди бөлүүнүн тутумсуздугунун кесепетинде муниципалитет шаардык жана шаар четиндеги жерлерди пландан тышкары пайдалануу зарылдыгы менен кагылышат, бул тейлөөчү инфратүзүмдүн жүгүн түшүрүүгө жана эскирүүнүн тездигине, шаардык тармактардын авариялуулугунун көбөйүшүнө жана жаңы объекттерди курууда аларга жетүүнү азайтууга алып келет.

§ 3. Инфраструктуралык фактор

Шаардык тейлөө инфраструктурасы бүгүнкү күндө эскирүүнүн жогорку даражасында турат. Бардык базалык инфратүзүмдөр ыңгайлуу шаардык чөйрөдө шаардыктардын өсүп жаткан керектөөлөрүнө ылайык, тез арада жаңыртууну жана модернизациялоону талап кылат. Биринчи кезекте, калкты суу жана электр энергиясы менен камсыз кылуучу шаардык тутумдардын кубаттуулугун модернизациялоо жана көбөйтүү талап кылынат. Канализация, жылуулук менен жабдуу, көчөлөрдү жарыктандырууну камсыз кылуу, тиричилик таштандыларын сорттоо тутумдары жаңыланууга муктаж.

Жигердүү транспорт саясаты жана калкты автомобилдештирүү деңгээлин жөнгө салуу маселеси өтө актуалдуу болууда. Транспорттук тейлөөнүн сапатын жогорулатуунун (чоң сыйымдуулуктагы ыңгайлуу автобустарды жана троллейбустарды көбөйтүү, каттамдар боюнча үзгүлтүксүздүктүн көбөйүшү жана кыймыл аралыктарынын кыскарышы) эсебинен жеке транспорттон коомдук транспортко артыкчылык берүүнү, автотранспорт токтотмолорун башкаруунун, тартипке келтирүүнүн заманбап автоматташтырылган тутумдарын колдонуу жана велоинфраструктурасын өнүктүрүү менен жол кыймылынын коопсуздук деңгээлин жогорулатууну жана уюштурууну кайра кароо зарыл.

Транспорттук көйгөйлөрдү чечүү жана жол тыгындарынын алдын алуу үчүн коомдук транспорттун кыймыл каттамдары боюнча аялдама комплекстерин жана акыркы аялдама пункттарын көрктөндүрүү, транспорттук жол айрылыштарын, эстакадалык көпүрөлөрдү, жер үстүндөгү өтмөктөрдү куруу, жол жүрүү кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, шаардык инфраструктураны жакшыртуу боюнча башка иш-чараларды ишке ашыруу, токтотмо мейкиндигин түзүүнү эске алуу менен, өзгөчө шаардын конуштарындагы азыркы жана жаңы жолдорду реконструкциялоону караган, 2016-2018-жж. квартал аралык жана кичирайондор ичиндеги жолдорду реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча программаны жана Көчө жол тармактарын өнүктүрүүнүн концепциясын толук ишке ашыруу зарыл.

§ 4. Социалдык фактор

Негизги социалдык көйгөйлөрдүн арасынан мектепке чейинки жана мектеп мекемелеринин ашыкча толтурулушун, шаардык билим берүү, саламаттык сактоо жана маданият тутумдарынын материалдык-техникалык жактан толук камсыздалбагандыгын бөлүүгө болот. Жарды жашоочуларды колдоого даректүү мамилени күчөтүү, турмуштун татаал кырдаалына кабылган балдарды алдын алуу жана реабилитациялоо, аялдар жана балдарга зордук-зомбулук, ырайымсыз мамиле кылуунун деңгээлин кыскартуу олуттуу мааниге ээ.

Заманбап шаардык маданият маданий-агартуучулук жана спорттук-көңүл ачуу объекттеринин жетишсиздигине, шаардыктардын жана борбордун меймандарынын массалык эс алуусу, маданий мурас объекттеринин сакталышын камсыздоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылчылыгына дуушар болууда.

Аймактык жайгашкандыгына карабастан, сапаттуу социалдык кызматтарга жетүүнүн теңдемделинишин жана адилеттүүлүгүн камсыздоо жөнүндө маселе өтө курч турат. Шаардын бардык бөлүгү, өзгөчө жаңы конуштары социалдык инфраструктура объекттерине мүмкүндүк алууга муктаж.

§ 5. Экологиялык фактор

Экологиялык кырдаалдын начарланышына үч фактор таасир этет: урбанизациянын бат темптери, калктын жыштыгынын көбөйүшү жана жалпы пайдалануудагы бак-дарактардын санынын кыскарышы.

Эгерде, мурун Бишкек СССРдин эң жашыл шаарларынын бири болуп саналып, 1 тургунга 21 чарчы метр бак-дарак туура келсе, азыр бул көрсөткүч 11 чарчы метрге чейин азайды.

Тоо дарыяларынын, анын ичинде Аламүдүн жана Ала-Арча сууларынын, ошондой эле ЧЧКнын агымынын азаюу коркунучу бар экендигин эске алуу зарыл.

§ 6. Экономикалык фактор

Шаардын бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы калктын артыкчылыктарына жана муктаждыктарына толук жооп бербейт, Бишкек шаары мамлекеттик бюджеттин олуттуу бөлүгүн камсыздоо менен, жергиликтүү бюджетке кирешенин 32 пайызын гана калтырат.

Финансылык камсыздоо ресурстардын чектелген шарттарында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түз чыгаша милдеттенмелериндей эле жергиликтүү маанидеги маселелер катары шаардын бюджеттик саясатында тутумдук каатчылыктын олуттуу коркунучтарына алып келет.

Бишкек шаарынын бюджетинен салыктык саясат, коомдук тартипти сактоо, экология, билим берүү жана башкалар боюнча мамлекеттик кепилдиктер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чыгаша милдеттенмелери каржыланат.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууда насыялык түшүүлөрдүн көбөйүшүнө таасир этүүнүн так регламенттелген механизмдери жана усулдары жок. Насыялык төлөмдөрдүн түшүшүн башкарууну жакшыртуу жолу менен ички ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жетишүүгө болот. Ошол эле убакта, бул иш-милдет жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясынан тышкары турат.

4-глава. Шаардыктардын максаттуу тобу

Шаардын калкынын башкы демографиялык мүнөздөмөлөрүн эске алуу менен үстөмдүк кылган социалдык-коомдук процесстер жаш муун менен байланыштуу экендигин белгилеп кетүү зарыл. Бул шаардын саясатында биринчи фокус катары жаштар үчүн жагымдуу шаардык чөйрөнүн түзүлүшү болушун аныктайт .

Ушуну менен, Бишкек мамлекеттик, администрациялык, дипломаттык жана эл аралык мекемелер жайгашкан Кыргызстандын борбору болуп саналат. Бул өз кезегинде экинчи максаттуу топтун кызыкчылыктарын эске алуу жана ыңгайлуу шаардык бизнес климатты түзүү боюнча шаардын саясатын түзүү зарылдыгы менен шартталат.

Жаратылыш-климаттык мүнөздөмөлөргө, шаардын географиялык жайгашуусуна, ошондой эле визалык шарттамга жараша, Бишкек чет өлкөлүк меймандардын туристтик каттамдарында негизги пункттарынын бири болуп саналат. Ушуга байланыштуу, шаар өз саясатында чет өлкөлүк туристтерге Кыргызстанда максималдуу ыңгайлуу жана коопсуз жүрүүгө мүмкүндүк берген чөйрө түзүүнү карашы керек.

Корутунду фокустук топ перифериялык аймактарга байланышкан жана бул жакта муниципалитеттин милдети шаардын алыскы райондорунда жашаган тургундар үчүн тең жана акыйкаттуу жашоо шарттарын түзүү болуп саналат.

III бөлүк. Келечектин образы

1-глава. Моделди тандоо

Ушул программанын алкагында үч негизги жагымдуу шарттар: инфратүзүмдү кайра түзүү, социалдык-маданий мейкиндикти кайра түзүү, заманбап технологияларды киргизүү менен башкаруу чөйрөсүн кайра түзүү аркылуу Бишкек шаарын түзүүнүн санбагыты берилет.

2020-жылга ыңгайы жана окуялары боюнча ачык, жашоосу боюнча ыңгайлуу жана туруктуу заманбап шаарды өзүнүн бөтөнчө маданияты менен түзүү максатында, Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн туруктуу тренди берилет.

Шаарга экологиялык таза шаар макамы кайтарылат, ал шаардыктардын ден соолугу үчүн жагымдуулугу жагынан караганда Борбордук Азиядагы эң мыкты шаар болот. Бул жакта экологиялык чөйрөнү жакшыртуунун заманбап технологиялары, усулдары жана ыкмалары киргизилет, пайдаланылат, шаарды жана шаардын түштүк бөлүгүнө жанаша жайгашкан аймактарды жашылдандыруу боюнча программаларды (шаардын жашыл “өпкөсү”) ишке ашыруу аркылуу шаардык чөйрөнүн тазалыгы жана туруктуулугу камсыздалат.

Шаардыктарды социалдык жактан камсыздоо жеткиликтүү болот жана өзүнүн кызматтарынын сапаты боюнча жайгашкан ордуна карабастан, бирдей деңгээлде камсыздалат.

Бишкек шаары ыңгайлуу жана эркин убакыт өткөрүү, натыйжалуу жумуш менен камсыз болуу, жагымдуу жаратылыш менен курчоо жана туруктуу коомдук кырдаал менен камсыздоо көз карашында шайкеш болот.

2-глава. Негизги принциптер

Жашоонун ыңгайлуулугуна жана сапатына багытталган муниципалитеттин иш-аракеттеринде шаардыктардын керектөөлөрүнүн жана муктаждыктарынын артыкчылык принциби;

эл аралык жана регионалдык масштабда шаардын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган принцип;

шаардык аймактардын жана тургундардын ар кандай категорияларын өнүктүрүүнүн акыйкаттык жана тең ченемдик принциби;

маданий, улуттук, диний, ар түрдүү ишмердүүлүк жана мамилелердин толеранттуулугу принциби;

шаардыктардын жашоосунун проактивдүү мүнөзүнүн принциби жана ушуга ыңгайлуу шаардык мейкиндиктерди уюштуруу;

шаарда жашоонун сапаты үчүн шаардыктардын ролун жана жигердүүлүгүн күчөтүү принциби;

жоопкерчиликтин жана шаардык коомчулуктун муниципалитетинин иш-аракетин контролдоо принциби.

IV бөлүк. Артыкчылыктуу багыттар

1-глава. Аймактарды ойлонуштуруп өнүктүрүү

Борбордук иш-милдеттерди, эл аралык туризмди жана тышкы экономикалык иш-аракетти, коммерциялык-ишкердик жана тейлөөчү чөйрөнү, сооданы, ишкердик кызматтарды жана башкарууну андан ары өнүктүрүү үчүн Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн бекитилген башкы планын эске алуу менен бар болгон курулуштарды өркүндөтүү жана ар кандай деңгээлдеги жаңы коомдук борборлор үчүн мейкиндиктерди долбоорлоо пландаштырылууда.

Бишкек агломерациясын калыптандыруу жана периферияда жаңы борборлордун жигердүүлүгүн жана тартылышын түзүү, конуштарда инфратүзүмдүк объекттерди жана коммуникацияларды өнүктүрүү (газ, суу, жолдор, транспорт, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү, саламаттык сактоо мекемелери), социалдык инфраструктуранын негизги объекттеринин – сейилбактар, мектептер, бала бакчалар, шаардык китепканалар жана тейлөө борборлору, ҮБМБ, спорт объекттеринин кадамдык жеткиликтүүлүгүн камсыздоого умтулуу.

Шаардын жаңы администрациялык чектерин иштеп чыгуу жана бекитүү. Бишкек шаары шаар куруунун, сейилбактарды өнүктүрүүнүн, коомдук транспорттун, көрүнүктүү жерлердин мыкты салттарында жаңы технологияларды жана мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен шаардын жагымдуу жаңы көрүнүшүнө ээ болот.

Муниципалитет төмөнкү кадамдарды пландоодо:

Шаардын жана шаар четиндеги коомдук борборлордун, маданий-тарыхый комплекстердин жана транспорт инфраструктурасы тутумунун өз ара байланыш түзүлүшүндө, шаардын ачык архитектуралык-мейкиндик композициясын жана ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүү менен Бишкек шаарынын ачык, жыйнактуу пландоо жана архитектуралык-мейкиндиктеги түзүмүн түзүү;

Бишкек шаарынын администрациялык чегин бекитүү;

Бишкек шаарынын жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин (ЖПКЭ) иштеп чыгуу;

Бишкек шаарынын шаар куруу документтерин иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча ишти улантуу;

100 миң жашоочуга Түштүк пландоо районун суу менен жабдуу булактары жана суу бөлүштүрүү тутуму менен камсыздоо;

Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн, магистралынын, аймактарынын тышкы көрүнүшүнүн архитектуралык-көркөм Концепцияларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

аба электр тармактарын этап боюнча жер алдындагыга алмаштыруу маселесин кароо;

жалпы билим берүү мекемелеринин тыгыздуулук шартында сыйымдуулуктарынын чектелгендигин жана кубаттуулугун жогорулатуу зарылдыгын эске алуу менен, шаардын борбордук бөлүгүндөгү азыркы мектептердин жана бала бакчалардын аймагында кошумча корпустарды жана курулуштарды курууну караштыруу;

саламаттык сактоо министрлиги менен биргелешип коомдук уюмдарды тартуу менен жаңы үй бүлөлүк медициналык борборлорду куруу муктаждыктарын аныктоо.

2-глава. Ыңгайлуу логистика жана ыкчамдык

2020-жылга Бишкек шаарынын аймагы 80 пайызга 400-600 метр кадамдык жеткиликтүүлүктө коомдук автомобилдик транспорт менен камтылды, борбордун калкынын жана меймандардын бардык категориялары үчүн ыңгайлуу болгон оптималдуу каттамдык тармак түзүлдү. Шаардык каттамдык тармак жана коомдук транспорттун шаар четиндеги каттамдарынын каттамдык тармагы жана схемасы координацияланды. Шаарды троллейбустук каттамдар менен камтуу кеңейтилди.

Коомдук транспорттун туруктуу иштеши жана кыймылдуу курамды жаңылоо үчүн экономикалык жана башка шарттар түзүлдү. Чоң сыйымдуулуктагы (автобустар жана троллейбустар) коомдук транспорт менен ташуу үлүшү 50 пайызга чейин көбөйдү.

Жаңы жолдорду куруунун жана иштеп жаткан көчө-жол тармагын реконструкциялоонун эсебинен, токтотмо мейкиндигин уюштурууну, ошондой эле коомдук транспорттун ыңгайлуугун жогорулатууну эске алуу менен, шаардын негизги борбордук жолдору бошотулду.

Зарыл болгон жол жана транспорт инфраструктурасы түзүлдү: жөө жүргүнчүлөрдүн арбын кыймылдуу жерлеринде жер үстүндөгү жөө өтмөктөрдү куруу аткарылды, жетишпеген аялдама комплекстеринин курулушу жүргүзүлдү, коомдук транспорттун аялдамалары ыңгайлаштырылды, акыркы аялдама пункттары керектүү инфраструктура менен камсыздалды, көчө-жол тармагы жол кыймылын жөнгө салуучу зарыл болгон техникалык каражаттар менен камсыздалды.

Унааларды токтотмо системасы тартипке келтирилди, токтотмо эрежелерин жана жол кыймылынын эрежелерин бузгандарга чараларды көрүү тутуму натыйжалуу иштеп жатат, унаалардын аба атмосферасына тийгизген тескери таасири кыскарды.

Ушул Программа төмөнкүлөрдү карайт:

207 км узундукта жаңы шаар жолдорун куруу, 424,8 км жолду реабилитациялоо;

110 аялдама комплексин көрктөндүрүү, 32 жаңы аялдама комплексин кошумча куруу, 19 акыркы аялдама пунктун жайгаштыруу;

шаардын автобус паркын шаардык каттамдарда микроавтобустарды этап боюнча алмаштыруу менен 350 бирдик жаңы автобус менен толтуруу;

3 кошумча троллейбус каттамын ачуу жана линияга күн сайын орто эсеп менен 140 троллейбуска чейин чыгарууну көбөйтүү менен 50 жаңы троллейбус сатып алуу;

коомдук унаанын айдоочуларына талаптар күчөтүлүп, жол жүрүү эрежесин жана жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин сактоо тартиби күчөтүлүп, эреже бузуучуларга катуу жаза колдонулат;

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлиги алдында шаар четиндеги жана шаардан тышкаркы коомдук транспортторунун токтотмолорун уюштуруу максатында жана Бишкек шаары боюнча орун которуу үчүн шаардык коомдук транспортту пайдалануу менен шаар четиндеги аймактарда 2 заманбап автобекетти (чыгыш-батыш) уюштуруу маселесин демилгелөө;

тийиштүү мамлекеттик органдар менен аба атмосферасына бөлүнгөн зыяндуу заттарга мониторинг жана контролдоо тутумун киргизүү;

Бишкек шаарынын коомдук транспортунда накталай эмес электрондук жол кире төлөө жана автоматтык маалымдоо тутумундарын киргизүү;

шаар ичиндеги унаа токтотмо тутумун тартипке салып, инвесторлорду тартыш үчүн укуктук ченемдик базаны түзүү;

мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында шаардык жолдордун боюнда 47 муниципалдык токтотмодо акы төлөнүүчү токтотмонун заманбап автоматташтырылган тутумун киргизүү;

велосипедди шаардык унаа катары колдонуу үчүн тийиштүү шарттарды түзүү (велосипед түйүндөрүн көбөйтүү, коомдук унаа жана велосипедистер үчүн атайын жолчолорду бөлүү, жол жүрүү эрежелерине жана башка укуктук ченемдерге өзгөртүү киргизүү).

3-глава. Көрктөндүрүү жана жашоо ыңгайлуулугу

Шаардык бийликтин негизги күч-аракети шаардык чөйрөнү жаңыртууга, суу жабдуу жана суу берүү, жылуулук жана газ жабдуу, жашылдандыруу, лифт чарбасы сыяктуу шаардык инфраструктураны модернизациялоого багытталат. Келечекте шаардык инфраструктура борбор шаарды андан ары өнүктүрүү процессин натыйжалуу ишке ашыра турган абалда, шаардыктардын жана борбордун меймандарынын татыктуу жашоо деңгээлдеги жана жакшы сапаттагы ыңгайлуу, коопсуз шаардык чөйрөгө болгон муктаждыктарына жооп берет.

Программанын алкагында төмөндөгүлөр пландаштырылууда:

“Шаар көчөлөрүн тышкы жарыктандыруу” долбоорун ишке ашыруу – азыркы колдонулуп жаткан жарыктандыруу булактарын энергия үнөмдөөчү жарыкдиоддууларга алмаштыруу жумуштарын улантуу жана көчө жарыктандыруунун жаңы линияларын куруу, бул жумуштар электр энергиясына карата чыгашаны 70 пайызга чейин азайтууга жана шаардык көчөлөрдүн тышкы жарыктандыруусун жакшыртууга мүмкүндүк берет;

шаардын конуштарында бөлүштүрүүчү газ түтүктөр тармагын жыл сайын куруу жана шаардын турак жай конуштарынын калкын газ менен камсыздоону жогорулатуу;

“Бишкексууканал” ӨЭБнын химиялык-бактериологиялык лабораториялык базасын жаңыртуу;

суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу максатында 214 миң бирдик санындагы менчик суу эсептегич приборлорун орнотуу;

шаардык, райондук, кварталдык деңгээлде суу түтүк жана канализациялык тармактарды инвентаризациялоо;

жыл сайын “Бишкекжылуулуктармак” ААКнын 6,5 км узундуктагы жана “Бишкекжылуулукэнерго” КИнин 2 км узундуктагы жылуулук тармагын реконструкциялоо жана оңдоо;

46 миң бак жана 15 миң бадал олтургузуу, жашыл аймакты бир адамга 11 чарчы метрден 17 чарчы метрге чейин кеңейтүү;

Бишкек шаарында бак-дарактар аймактарын эсептөөнүн бирдиктүү усулун иштеп чыгуу жана легитимизациялоо;

Бишкек шаарында чаң булганычтарын азайтуу үчүн чаралардын жана талаптардын комплексин иштеп чыгуу;

89 км сугат суу түтүктөрүн куруу, калыбына келтирүү жана капиталдык оңдоо;

23 км. жаңы коллектордук-дренаждык тармакты куруу жана колдонуудагы 81 км коллектордук-дренаждык тармакты реконструкциялоо;

инвестициялык долбоордун алкагында шаардын 650 муниципалдык лифтин модернизациялоо жана кийин шаардыктардын жалпы үлүштүк менчигине өткөрүп берүү жана лифттерди талаптагыдай эксплуатациялоону жана күтүүнү камсыздоо үчүн тариф саясатын иштеп чыгуу (топтолмо фонд), ошондой эле топтолмо фондду уюштуруу боюнча маселени карап чыгуу;

муниципалдык менчик реестрине кирбеген лифттерди ремонттоо боюнча маселени шаардык бюджеттен дем берүүчү гранттарды бөлүп берүү үчүн артыкча маселелердин тизмегине киргизүү;

кечки жана түнкү мезгилде шаардын күнүмдүк жана майрамдык тышкы көрүнүшүн түзүүнүн өзгөчө багыты катары имараттардын жана коомдук мейкиндиктин архитектуралык жарыктандыруу программасын ишке ашыруу;

“Бардык коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү эсептөө, чогултуу, иштеп чыгуу жана эсепке алуу боюнча бирдиктүү маалыматтык-эсептик борборун” түзүү.

4-глава. Шаардык жашоонун көп түрдүүлүгү

Шаардык маданиятты кайра жандандыруу, шаардын идеологиясын калыптандыруу, шаардык коомдук мейкиндиктерди жана адамдарды бириктирген чыгармачыл эркиндик мейкиндигин, шаардыктардын жана борбордун меймандарынын активдүүлүк жана шыктандыруу борборлорун түзүү жана өнүктүрүү, тарыхый ансамблдерди, маданий процесстер менен каныккан шаардык ажайып кооз жерлерди жана туристтер келүүчү жайларды түзүү боюнча шаардык идеяларга терең маани берүү менен өзгөчө көңүл бурулат.

Шаардыктардын бардык категориялары үчүн коомдук-пайдалуу шаардык мейкиндиктерди жана активдүүлүк орундарын, туристтерди тартуу үчүн шаарды мүнөздөгөн жана шаардык маданиятты калыптандырган жерлерди түзүүгө көмөк көрсөтүүчү Заманбап маалыматтык технологиялардын мүмкүнчүлүктөрү жигердүү колдонулат, жаңы инфраструктура жана объекттер түзүлөт, логистика жана жаңы форматтар түзүлөт.

Сейил бак аймактары жана эс алуу аймактары, шаардык театрлар өнүктүрүлөт, жаштарды жана улуу муундарды өзүнө тартуу максатында, заманбап технологияларды жана жаңы форматта иштөө мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен шаардык китепканаларды кайра түзүү жана реновациялоо жүргүзүлөт, жалпы шаардык жана эл аралык маданий-массалык иш-чаралар, фестивалдар өнүктүрүлөт, сергек жашоо үлгүсүн пропагандалоо жүргүзүлөт.

Шаардын конуштарында социалдык-маданий инфраструктура түзүлөт жана өнүктүрүлөт. Шаар маданий шаар катары өнүгөт. Ушуну менен бирге эле шаардын күч-аракети шаардыктардын жана туристтердин экологиялык жана коомдук коопсуздугун камсыздоого багытталат.

Муниципалитет төмөндөгү иш-чараларды пландаштырууда:

ЖОЖдордун жетекчиликтери жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги менен биргелешип жаштар үчүн коомдук активдүүлүк орундарын түзүү максатында билим берүү мекемелеринин жанаша жаткан аймактарын модернизациялоо;

“Жаштар”, “Кара-Жыгач токою”, “Фучик атындагы”, “Асанов атындагы” сейил бактардын аймактарын реконструкциялоо;

коомдук-пайдалуу шаардык мейкиндиктерди түзүү максатында, “Аламүдүн”, “Ала-Арча”, “Чоң Чүй каналы” сууларынын боюндагы аймактарды жана жээктерин реконструкциялоо жана көрктөндүрүү;

ири коомдук борборлор арасында жөө жүргүнчүлөр кыймылына, бульварларга жана аллеяларга артыкчылык берүү менен соода-коммерциялык көчөлөрдү жана аянттарды тартууну түзүү;

Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бирин (мисалы, Абдымомунов көчөсүн) жалаң жөө жүргүнчүлөр үчүн түзүү/аныктоо жана дем алыш күндөрү шаардыктардын активдүүлүктөрү үчүн мейкиндиктерди түзүү;

туристтерди тартуу үчүн кароо аянттарын өнүктүрүү, көрктөндүрүү жана тийиштүү инфраструктураны түзүү;

шаардын түштүк бөлүгүндө 100 метрдик кароо мунарасын куруу;

“Жаштык” ЖБнын базасында шаардык филармонияны түзүү;

шаардык стадионду куруу;

“Спартак” стадионунун базасында шаардык көп функционалдуу спорт комплексин түзүү;

конкурстарды, арт-инсталляциялар, скульптуралар, чакан архитектуралык формалар фестивалдарын өткөрүү (көчө театрларынын фестивалы, ачык асман алдындагы ар түркүн жанрдагы концерттер, СIOFF алкагында фольклордук фестиваль, мектеп лигасы).

5-глава. Шаардын экономикалык жигердүлүгү

Муниципалитет өзүнө жүктөлгөн иш-милдеттерди эске алуу менен борбор шаардын иш-аракеттерин стратегиялык пландаштырууну ишке ашырат жана Бишкек шаарынын комплекстүү социалдык-экономикалык өнүгүшүн камсыз кылат, шаардык экономиканы өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт.

Мэриянын артыкчылыктуу экономикалык багыттары болуп төмөндөгүлөр саналат:

шаардын инвестициялык климатын жана жагымдуулугун жакшыртууга көмөк көрсөтүү, ички жана тышкы инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү;

чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды жакшыртуу, жигердүү консультациялык колдоо көрсөтүү;

шаардын стратегиялык артыкчылыктарына тийиштүү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонуу;

бекитилген болжолго ылайык жергиликтүү бюджетке түшүүлөрдү камсыз кылуу;

шаардын бюджетине салыктардын түшүшүн администрациялоону жакшыртуу;

жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жана чыгашаларын оптимизациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

2017-жылдын январь-июль айларында регионалдык дүң продуктунун өсүү темпи 105% түздү. Кыргыз Республикасынын ИДПсынын жалпы көлөмүндө борбор шаардын салыштырма салмагы 36,8% түздү.

2017-жылдын 1-сентябрына карата абал боюнча Бишкек шаарынын аймагында 105,6 миң чарба жүргүзүүчү субъект, анын ичинен 62,6 миң юридикалык жак жана 43 миң жеке жак катталган. Бишкек шаарынын юридикалык жактарынын негизги үлүшүн – 96,6% шаардын чакан ишканалары түзөт, орто ишканалар – 2,1% жана ири ишканалар – 1,3% түзөт.

2017-жылдын 8 айынын ичинде 22652,4 млн. сом суммасына продукция чыгарылган. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда өнөр жай продукциясынын накта көлөм индекси 101,4% түздү. Чакан жана орто ишкерлерди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү максатында, ишкерлердин маалыматтык керектөөлөрүнө багытталган Бизнес-навигатор – интернет ресурсту түзүү боюнча идея иштелип чыгууда.

Бишкек шаары боюнча номиналдуу эмгек акысы (чакан ишканаларды албаганда) 19286 сом өлчөмүндө түзүлдү жана 2016-жылдын январь-июль айларына салыштырганда 76% га көбөйдү.

2017-жылдын 1-сентябрына карата ишке орноштуруу кызматтарында 6,5 миң адам каттоодо турат, 2016-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 16,8%га азайды.

4,9 миң адам расмий жумушсуз макамына ээ. 6518 адам, же 102% ишке орноштурулду. Кесиптик окууга 899 адам, коомдук жумуштарга 111 адам жөнөтүлгөн.

2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында 9888 жумуш оруну түзүлдү (2016-жылдын салыштырмалуу мезгилине карата 150%).

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын оперативдүү маалыматы боюнча 2017-жылдын январь-июль айларында Бишкек шаарынын бюджети 247,3 млн. сом суммасында профицит менен аткарылды. Жергиликтүү бюджетке салыктардын түшүүсүн көбөйтүү үчүн салыктарды: жер салыгын, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө карата салыкты, ыктыярдуу жана милдеттүү патенттин негизиндеги салыкты так администрациялоо ишке ашырылууда.

2017-жылдын январь-август айларында жергиликтүү бюджеттин болжолу 91,9% га аткарылды.

Бишкек шаарынын мэриясы суу менен камсыздоо, канализация жана тазалоо курулмалар тутумдарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу; жолдорду жана көчөлөрдү реконструкциялоо жана куруу; жерлерди жарыктандырууну уюштуруу; коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу; тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана утилизациялоо иштерин уюштуруу; муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу үчүн инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга гранттык колдоо көрсөтүү жана инвестицияларды тартуу боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашырат.

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу алкагында, “Жол боюнда муниципалдык автотоктотмолорду уюштуруу”, “Шаардык транспортту жакшыртуу”, “Бишкек шаарында мектепке чейинки мекемелерди куруу” долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча иштер жүзөгө ашырылып жатат. Ошондой эле Бишкек шаарынын башка иш-аракеттер чөйрөсүндөгү долбоорлорду МЖӨ алкагында андан ары иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн жеке өнөктөштөрдү тартуу иштери аткарылууда.

Инновациялык башкаруу жана маалыматтык технологияларды киргизүү максатында “Электрондук соода” программасын иштеп чыгуу, ошондой эле муниципалдык менчик объекттеринин (жеке кабинеттердин) ижарачылары тарабынан акы төлөөнүн билингдик тутумун киргизүү иштери алдыда турат.

6-глава. Социалдык адилеттүүлүк жана мүмкүнчүлүктөр

Социалдык адилеттүүлүктү камсыздоо максатында жашаган жерине, социалдык жана ишкердик жигердүүлүгүнө, социалдык макамына, биометрикалык маалыматтарына, идеяларына, көз караштарына жана башка өзгөчөлүктөрүнө карабастан, бардык шаардыктардын жашоо-турмуштук керектөөлөрүн канааттандыруу жана жөндөмдүүлүктөрүн ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү зарыл.

Өзгөчө талап кылынган жаңы социалдык объекттерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана өнүктүрүү үчүн шаардын болгон инфраструктурасын, социалдык объектилерин, материалдык жана адамдык ресурстарын кайрадан түзүү, ошондой эле жаңы инфраструктураны жана инженердик-коммуникациялык тармактарды куруунун эсебинен шаардын четки райондорун кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрү менен, социалдык-маданий объекттер, коммуналдык жана энергетикалык инфраструктуралар менен камсыздоону теңдөө муниципалитеттин социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуудагы негизги милдети болуп саналат.

Өлкөнүн борбор шаары жарандар үчүн жашоо образы боюнча, билим берүү, эс алуу, саламаттык сактоо, ыкчамдык, маалыматтар жана өнүгүү сыяктуу коомдук жыргалчылыктарга жеткиликтүүлүк боюнча мүмкүнчүлүктөрдүн теңдигин жана тандоо эркиндигин камсыздоого тийиш.

Инфраструктуралык долбоорлор жана идеялар Программанын башка бөлүктөрүндө чагылдырылды. Социалдык адилеттүүлүккө жетүү жана калктын бардык топторуна тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо натыйжасын күчөтүү үчүн муниципалитет төмөндөгү кадамдарды ишке ашырууну пландаштырууда:

Ар кандай ички маданиятты калыптандыруу үчүн 28 муниципалдык китепкананын базасында жаш адистерди тартуу жана ар кандай аянттарды түзүү менен коомдук мейкиндикке (коворкинг, библионяня, китепкана-кафе) этап менен кайрадан уюштуруу;

№ 4 балдар искусство мектебинин курулушун аяктоо, калктын социалдык аярлуу катмары үчүн орундарды камсыз кылуу;

сейил бактар жана адамдардын эс алган жерлеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жактардын керектөөлөрүн жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, ар бир райондо жыл сайын 2 комплекттен көчөдөгү машыктыргычтарды орнотуу;

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу менен, жарандардын турак жай шарттарын жакшыртуу, үлүштүк негизде 360 батирлүү турак үйдү куруу;

шаардын алыскы четки райондорунда жашаган шаардыктар үчүн тең жана адилеттүү жашоо-тиричилик шарттарын түзүү;

ЖОЖдордун, мектептердин спорт аянтчаларынын базасында кичи райондордун же кварталдын спорттук борборун куруу;

жалпы пайдалануудагы азыркы спорт аянттарын реконструкциялоо;

балдардын сүзүү бассейндерин реконструкциялоо;

жалпы билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана жеткиликтүүлүктү камсыздоо принциптерин сактоо максатында, Бишкек шаарынын билим берүү мекемелерине кирүүгө электрондук кезекти киргизүү;

белгилүү жашаган орду жок жактар үчүн социалдык баш калкалоочу жайларды куруу;

шаардын социалдык уюмдарында муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн жаңы ыкмаларын өнүктүрүү;

балдар жана өспүрүмдөр үчүн Өнөрчүлүк академиясын куруу;

социалдык сферада (билим берүү жана социалдык коргоо) педагогикалык кадрларды окутуп жана кайра даярдоо үчүн жогорку окуу жайлары менен келишимдерди түзүү;

аймактык социалдык кызматкер институтун киргизүү;

калкка социалдык жардамдын даректүүлүгүн жана даректүү көмөк көрсөтүүнү күчөтүү;

мүмкүнчүлүгү чектелген жана кары адамдардын шаардын тийиштүү инфраструктурасына жеткиликтүүлүгүн так аныктоо үчүн коомдук мониторингди өткөрүү;

“Зомбулуксуз мектеп” долбоорун ишке ашыруу алкагында балдардын укуктарын коргоо боюнча жарандык сектордун, эл аралык уюмдардын жана шаардык башкаруу органдарынын күч-аракеттерин бириктирүү;

мамлекеттик-жеке өнөктөштүк мамилесинин алкагында менчик билим берүү мекемелеринде (мектептерде) окутууну жалпы билим берүү системасына интеграциялоо жана өнүктүрүү;

муниципалдык социалдык заказдын алкагында долбоорлорго каржылоо системасын киргизүү;

жергиликтүү жамааттын институционалдык деңгээлин чыңоо максатында аларды мэриянын Жергиликтүү жамааттын демилгелерин колдоо Программасынын алкагында дем берүүчү (үлуштүк) грант аркылуу каржылоо практикасын киргизүү;

шаарды өнүктүрүү программасын аткаруудагы келип чыккан актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн дайыма иштеп туруучу Шаар форуму аттуу платформаны түзүү;

утурумдук жумушсуз жарандарга жардам катары Шаардык электрондук (онлайн) эмгек биржасын түзүү;

эл аралык уюмдарды тартуу менен “Бишкек – балдар жана жаштар үчүн достук шаар” программасынын бөлүмүн өнүктүрүү;

“Алга-Бишкек” Футбол клубунун жылдык каражатын кайра карап чыгуу эсебинен төрт дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексин куруу;

шаардагы музыкалык мектептерди Искусство мектебине айландыруу менен алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;

саламаттык сактоо системасын инвентаризациялоо жана үй-бүлөлүк медициналык борборлордун материалдык-техникалык базасын чындоо;

жаштардын инновациялык төрт өнүктүрүү борборун куруу;

шаардык жаштар комитетин түзүү.

V бөлүк. Райондорду өнүктүрүү

1-глава. Ленин району

Ленин району Бишкек шаарынын түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан, 5873 га аймакты ээлейт жана ээлеген аянты боюнча эң чоң район болуп саналат.

Ленин администрациялык районун ар тараптуу өнүккөн район катары мүнөздөсө болот, анткени анын аймагында 76 ишкана – борбор шаардын өнөр жай флагмандары жайгашкан (“Бишкек” ЭЭА, “Арпа” ААК, “БМЗ” ААК, “БШЗ” МИ, “Кока-Кола Бишкек Ботлерс” ЖАК, “Акун” ЖАК, “Кыргыз Коньягы” ЖЧК, “Бета Кыргызстан Интернешнл” ЖАК,”Лина” ЖЧК жана башка). Соода жана тейлөө чөйрөсүн 1400дөн ашык чарба жүргүзүүчү субъекттер көрсөтөт. Алардын ичинен эң ирилери: “Азия Молл” СБК, “Беш-Сары” СК, “Берекет Гранд” СБ, “Весна” СБ (мурдагы “Рахат Пэлэс”), “Октябрь” жана “Манас” кинотеатрлары.

Ленин администрациялык районунда жайгашкан Ж.Баласагын атындагы КМУУ, КРӨ караштуу КМЮА, К.Карасаев атындагы БГУ, “Манас” Кыргыз-Түрк университети, КЭУ, Финансы техникуму, БФЭА борбор шаардын жана жалпы республиканын кадрдык потенциалын түзөт.

Ленин районунун келечек көрүнүшү инфраструктурасы, турак жай конуштары, социалдык-маданий объекттери өнүккөн район катары белгиленет.

Борбордук мектептердин, бейтапканалардын, шаардык жолдордун ашыкча жүктөлүүсүн төмөндөтүү, өсүп келе жаткан муундарды ар тараптан өнүктүрүү, ошондой эле шаардыктарды жана райондун тургундарын жумуш орундары менен камсыздоо максатында жаңы мектеп жана мектепке чейинки мекемелерди, балдар чыгармачылык борборлорун, спорт комплекстерин куруу пландаштырылууда. Жаңы конуштардын тургундарынын алгачкы медициналык жардамдын түрлөрүнө жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында, Сельсовет көчөсүндөгү №1 ҮБМБнын (Кызыл-Аскер р-ну) аймагында 5 автомашиналык орундуу тез жардам станциясынын корпусун, № 3 ҮБМБ базасында рентгенкабинет жана конференц-залды куруу, “Ак-Өргөө”, “Арча-Бешик”, “Ала-Тоо”, “Чоң-Арык”, “Ак-Ордо” конуштарында ҮБМБлардын жана ФАПтардын филиалдарын куруу болжолдонууда.

Райондун жана жалпы шаардын экологиялык проблемаларын чечүү үчүн, калкты таза ичүүчү суу, бак-дарактарды сугат суу менен камсыздоо, эстетикалык көрүнүштү жакшыртуу, ошондой эле жагымдуу шарттарды түзүү үчүн суу түтүк жана канализациялык инфраструктураны жакшыртуу, ирригация тармактарын реконструкциялоо, жаңыларын куруу, тротуарларды реконструкциялоо, ошондой эле Фучик атындагы сейил багында капиталдык реконструкциялоо жумуштарын жүргүзүү болжолдонууда.

2-глава. Октябрь району

Октябрь району Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан жана 3325 га аянтты ээлейт. Район борбор шаардын өнөр жай комплексинде алдыңкы ролду ээлейт, шаардын өнөр жай продукциясынын өндүрүш көлөмүндө райондун салыштырма салмагы 20,5% түзөт.

Борбордун Октябрь району “түнөк район” катары мүнөздөлөт. Ошону менен бирге эле райондо акыркы жылдары курулуш иштери жана аймактарды өздөштүрүү жигердүү жүрүп жатат. Келечекте район өнүккөн жана көрктөндүрүлгөн социалдык, маданий инфраструктурасы, коомдук транспорту жана заманбап гүл бакчалары жана сейил бактары бар эс алуу борбору, шаардыктардын жана меймандардын көңүл ачуучу аймагы болууга тийиш.

Борбордун түштүк пландаштыруу зонасында курулуштардан бош аймактардын болушу, аларды өздөштүрүү жана борбордун ажайып кооз курулмасы катары белгиленүүчү маданий-эс алуу иш-чараларын өткөрүү үчүн заманбап стадион же концерттик аянтты куруу менен түштүк пландаштыруу зонасын өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгууга, келечектеги инженердик коммуникацияларды долбоорлоого жана өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин балансында турган Түштүк чоң Чүй каналынын колдонулбаган жээгинин аймагын көрктөндүрүү, веложолу жана жакынкы кичи райондордун тургундары үчүн чакан эс алуу жайлары үчүн өздөштүрүүгө болот. Шаардын экологиялык абалын жакшыртуу максатында райондун аймагында жайгашкан айрым өнөр жай ишканаларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМК СИЗОну борбор шаардын чегинен тышкары же шаардын четки аймактарына көчүрүү зарыл. “Асанбай” кичи районунда спорттун оюн түрлөрү үчүн универсалдуу зал, сүзүү бассейни жана ден соолукту калыбына келтирүү борбору бар дене тарбия – ден соолукту чыңдоо муниципалдык комплексин; “Асанбай” кичи районунда жабык бассейни бар көп функционалдуу спорт комплексин; жарыктандыруучу музыкалуу фонтан орнотулган эс алуу зонасын түзүү менен Каралаев көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейин ТЧЧК көрктөндүрүү, 9-кичи районундагы № 4 балдар музыкалык мектебине концерттик залдын кошумча курулмасынын курулушун аяктоо пландалууда.

3-глава. Биринчи май району

Биринчи май району шаардын борбордук жана түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Райондун аймагында жогорку бийлик органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын жайгашкандыгына байланыштуу “администрациялык” район катары мүнөздөлөт. Райондо Бишкек шаарынын тарыхый-мадиний мурас объекттеринин негизги бөлүгү жайгашкан. Райондун азыркы мектептерине (№ 6, 19, 75 ОМ) кошумча жайларды жана курулмаларды куруу, ошондой эле райондун бардык жаңы конуштарында жаңы мектептерди, мектепке чейинки мекемелерди куруу жолу менен окуу класстарындагы окуучулардын ашыкча топтолушун азайтууга мүмкүндүк түзүлөт.

Биринчи май администрациялык районунда шаардын башка райондорундагыдай эле шаардыктар үчүн жашаган жерлери боюнча эс алуу жайларын уюштуруу маселеси курч турат. Бул максаттар үчүн инфраструктуралык жана социалдык-маданий объекттерди – жайкы кинотеатрларды, стадиондорду жана сейил бактарды, көңүл ачуу борборлорун жана башкаларды түзүү, фонтандарды көрктөндүрүү зарыл.

Жер-жерлерде социалдык-маданий объекттердин же жайлардын болушу ар кандай райондук, ведомстволук, жалпы шаардык маданий-массалык, спорттук, даректүү иш-чараларга (флешмоб, концерт, акцияларга) көп сандагы калкты жигердүү жана туруктуу негизде тартууга мүмкүндүк берет.

Райондун четки зоналарын өнүктүрүү максатында калктын алгачкы медициналык жардамга, маданий-массалык эс алуу жана спорт объекттерине оперативдүү жетүү системасын түзүү, татыктуу жашоо, эс алуу жана тиричилик шарттарын түзүү маанилүү болуп саналат.

Биринчи кезектеги чаралардын тизмесине: азыркы дренаждык системаны инвентаризациялоо, ЧЧКнын төмөнкү зонасындагы пландан тышкары, мыйзамсыз курулган ачык жана жабык дренаждык тармактын бардыгын демонтаждоо, магистралдык канализациялык тармак жок болгон турак жай конуштарынын бардыгында локалдык тазалоо курулмаларын долбоорлоо жана куруу иштери; жогорку ботаникалык массивдин жана 110 кварталдын тургундарынын катышуусунда үйлөрдүн ички аймактарын реабилитациялоо жана реконструкциялоо жумуштары кирет.

4-глава. Свердлов району

Свердлов району шаардын түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Борбор азиядагы эң ири дүң-чекене соода базары “Дордой” базары, ошондой эле “Аламүдүн базары”, “Мадина”, “Таатан” базарлары, “Цум-Айчүрөк”, “Дордой плаза”, “ГУМ Чынар”, “Балдар дүйнөсү”, “Берен Голд”, “Ред Центр” жана башка соода борборлору жайгашкандыктан район “соода” району катары мүнөздөлөт. Райондун аймагында 3 республикалык ведомство жана 2 элчилик жайгашкан, “Жеңиш” аянты, “Театралдык” гүл бакчасы, “Т.Сатылганов” эстелигинин гүл бакчасы, “Аламүдүн”, “Кожзавод”, “Кыргызстандын 40 жылдыгы”, “Кара-Жыгач токою”, “Красный строитель” сейил бактары жайгашкан.

Свердлов району ошондой эле инфраструктурасы жетиштүү деңгээлде өнүккөн район катары мүнөздөлөт. Райондун аймагында Кыргыз Республикасынын эң ири жылуулук электр станциясы жайгашкан, ал республиканын “Электр станциялары” ААКсынын генерирациялык ири кампанияларынын курамына кирет, анда шаардыктардын жашоо-тиричилигин камсыздаган көп сандаган объекттер: медициналык жана билим берүү объекттери, мамлекеттик органдардын ж.б. өкүлчүлүктөрү иштейт.

Тигүү тармагын өнүктүрүү жана аларга колдоо көрсөтүү үчүн район тарабынан Бишкек шаарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, евразиялык рынокко ата мекендик продукцияларды чыгарууга көмөк көрсөтүү боюнча белгилүү аракеттер көрүлөт.

Районду туруктуу социалдык -экономикалык өнүктүрүү максатында шаардыктарды тейлөөдө негизги роль ойноочу муниципалдык коомдук транспорттун кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу жана өнүктүрүү зарыл.

Мындан тышкары “Бакай-Ата”, “Келечек” жана “Ак-Бата” конуштарында жаңы бала бакчаларды куруу, “Ак-Бата” конушунда мектепти куруу, ошондой эле азыркы иштеп жаткан № 12, 16, 23, 43, 67 жана 87 мектептерге кошумча курулмаларды куруу өтө муктаж болууда.

Канализация, газдаштыруу, суу жабдуу, лифттерди, көчө жана короолордун тышкы жарыктандыруусун модернизациялоо, электр жабдуу ж.б. сыяктуу шаардыктардын жашоо-тиричилигин камсыздоо системасын жакшыртууга багытталган инфраструктуралык долбоорлорду түзүү жана ишке ашыруу райондун артыкча иш багыты болуп саналат. Көчө-жол тармагынын локалдуу кемчиликтерин жоюу максатында, суу жана темир жол аркылуу эстакад орнотуу, ошондой эле азыркы көчөлөрдү реабилитациялоо/кеңейтүү, жаңыларын куруу зарыл. Свердлов району боюнча аймактык администрация көп кабаттуу турак үйлөрдүн менчик ээлерин көрктөндүрүү жана жалпы мүлктү күтүү, үйлөрдүн жана квартал ичиндеги авто коюу жайлары маселелерин чечүүдө стимулдаштыруу милдетин өзүнө алат.

Мындан тышкары “Чыгыш-5” кичи районунда Р.Санатбаев атындагы ОРБӨАСМнин жасалма жабылган мини-футбол талаасын куруу; “Түндүкэлектр” ААКсы менен биргелешип, Бишкек шаарынын мэриясынын КМККБсы Элебесов көчөсүндө, Күренкеев көчөсүндө, Орозбеков жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде 3 кошумча трансформатордук көмөк чордонун куруу, жеке турак үйлөрдүн жана көп кабаттуу турак үйлөрдүн имараттарынын фасаддарын ремонттоо жана сырдоо менен райондун тышкы көрүнүшүн жакшыртуу; райондун базарларынын жанаша жана ички аймактарын тартипке келтирүү; калктын аярлуу топторун, анын ичинде социалдык жардамга муктаж жарандарды аныктоо жана эсепке алуу үчүн райондун электрондук социалдык картасын түзүү; сел саяктыкка, кайырчылыкка жана жаман түрүм-турумга, терс иш-аракеттерге каршы профилактикалык чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу; базарларда, өнөр жай ишканаларында жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштеген жактарды профилактикалык медициналык кароодон өткөрүү системасын туруктуу жүргүзүү иштери пландаштырылып жатат.

VI бөлүк. Кечиктирилгис чечимдер

1-глава. Комплекстүү коопсуздук

Комплекстүү коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар Бишкек шаарында жашоону жана жүрүүнү камсыз кылууну, коомдук климаттын жана шарттардын жагымдуулугун түзүүгө, Бишкек шаарынын жашоочулары менен меймандарынын өмүрү жана ден-соолуктарына коркунучтардын деңгээлин азайтууга, тынчтыкты жана тартипти сактоого, шаарды башкаруу органдарына ишенимдин даражасын көтөрүүгө жана башкаларга багытталган.

Программа жол коопсуздугу деңгээлин көтөрүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууну, Бишкек шаарынын аймагында жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтууну карайт:

Ушул багытты ишке ашыруу боюнча төмөндөгүлөр пландаштырылат:

жол кыймылынын коопсуздук деңгээлин көтөрүү максатында жол кыймылын жөнгө салууну башкаруу үчүн техникалык каражаттардын бирдиктүү комплексин түзүү (жол чырактар, жол белгилери, жол сызыктары);

шаардын көчөлөрүндөгү 8000дей жол белгилерин алмаштыруу жана кошумча орнотуу, 60дан кем эмес унаалык жана 20 жөө жүргүнчүлөр жол чырак объекттерин кошумча орнотуу, 143 жол чырак объекттеринде жол чырактардын чырактарын жарык диоддууга алмаштыруу жана инженердик коммуникацияларды оңдоо;

жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган тутумун киргизүү;

жол кыймыл Эрежесин бузууларды фото жана көрмө-аныктоо боюнча аппараттык комплекстерди орнотууну, аларды кармоону административдик айыптардын түшүүлөр эсебинен уюштуруу;

сутканын түнкү убагында шаардын көчөлөрүнүн жарык болушун жакшыртуу;

шаардын мектептери менен мектепке чейинки мекемелерин өзгөчө кырдаал болгондо көрмө байкоо жана кабардандыруунун борбордук тутумун киргизүү.

2-глава. Маданий кайра жаралуу

Заманбап шаар маданияты маданий-агартуучулук жана спорттук-оюн зоок объекттерин өнүктүрүүнүн эсебинен, шаардыктар менен анын меймандарынын массалык эс алуулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү, маданий мурастар объекттерин сактоону камсыз кылууну, калкты маданият менен искусствого тартууга багыттоону, муниципалдык китепканаларда тейлөө аймактарын кеңейтүүнү жана окурмандарды тартууну калыптандырат. Бишкек шаарында Бишкек шаарынын колоритин калыптандырган, маданий кызыктыруучу нерселер жана объекттер түзүлөт.

Тарыхый-маданий мурас объекттери сакталат жана калыбына келтирилет;

маанилүү скульптуралык комплекстер жана эстеликтер жасалат (мисалы, “Мени менен сүйлөш”);

жаштар менен улуу муундарды тартуучу, заманбап технологияларды пайдалануу жана жаңы калыпта иштөөчү мүмкүнчүлүктүү шаардык китепканаларды кайра куруу жана кайра жаңыртуу;

Бишкек шаарынын кызыктыруучу тарыхый-маданий жана ага караган эс алуучу жайлары боюнча саякаттоо каттамдарын түзүү;

тематикалык эл аралык жана шаардык фестивалдарды, балдар менен шаардыктардын спорттун түрлөрү боюнча беттешүүлөрүн өткөрүү;

улгайган адамдарды жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды жигердүү жашоо позициясына тартуу үчүн шарттарды түзүү;

балдарды коомдук пайдалуу эмгекке тартуу.

3-глава. E-Bishek

Шарды башкаруу тутумунда сандык технологияны колдонууну өнүктүрүүгө багытталган, мындайча алганда, “Таза коом” долбоорунун алкагында жогорку технологиялык долбоор демилгеленди. Бул багытты ишке ашыруу жарандардын иши жана өмүрү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү, алардын укуктары жана эркиндиктерин ишке ашыруусуна жардам берет, муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн жана бизнес үчүн мыкты шарттардын сапатын көтөрөт. Бул долбоор шаарды башкаруу тутумунун ачыктыгын жогорулатууга алып барат жана жемкорлук жана аны алдын алуу боюнча маанилүү шайман болот. Долбоор жарандардын социалдык-укуктук жашоо чөйрөсүн камтыйт, алардын жашоосунун коопсуздугу менен сапатын жогорулатат.

Ушул багыттын негизги элементи болуп:

Өзүнө төмөндөгүдөй маанилүү компоненттерди камтыган “Акылдуу шаар” долбоорун киргизүү:

башкаруунун электрондук борбору жана шаардын жол кыймылын жана токтотмо жайларын координациялоо;

коомдук шаардык орундарды жарыктандыруунун натыйжалуулугун көтөрүү максатында, тышкы жарыктандырууну башкаруунун автоматташтырылган тутумун киргизүү;

укук бузуулардын көрмө байкоо жана көрмө аныктоо тутумун уюштуруу;

“Бирдиктүү маалыматтык-эсептөө борбору” долбоорун киргизүү, анын иш-милдетин иштеп чыгуу, которуу, коммуналдык төлөмдөр жана муниципалдык кызматтар электрондук эсептөөгө байланыштуу болот;

менчиктин муниципалдык объекттери жөнүндө башкаруунун натыйжалуулугун жана ачыктыгын көтөрүү максатында, жалпы жеткиликтүү электрондук маалымат базасын түзүү;

“Электрондук ТЖКЧ” жана “Жигердүү жаран” порталдарын, шаардыктардын маалыматтар менен мэриянын жана муниципалдык кызматтардын көрсөткөн ишмердүүлүгүнө ыкчам жетүү максатында иштеп чыгуу;

автоматташтыруу менен ачыктыкты камсыз кылуу жана муниципалдык объекттерди ижарага берүү тартибинин сапатын көтөрүү максатында, “Электрондук соодалашуу” тутумун киргизүү;

“Мектептик карта” долбоорун киргизүү жана окуучулар үчүн коомдук транспортто пайдалануу максатында, мектепке баруусун контролдоо жана тамактануусуна төлөөнүн бирдиктүү төлөм картасын түзүү;

Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринде окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 100 пайыз көрмө байкоону киргизүү;

муниципалдык жер ресурстар жана мүлктөр башкармалыгына автоматташтырылган тутумду киргизүү;

50 км.га созулган, шаарды башкаруу тутумунун оптоволокно тармактарын уюштуруу;

жаштар көп топтолгон коомдук жайларда Wi-Fi эркин жетүү орундарын бульварларда, соода жайларында, көп адамдар чогулган орундарда, сейил бак аймактарында жана башка жерде жайгаштыруу.

VII бөлүк. Шаардык өнүгүүнү башкаруу

1-глава. Катышуучулар жана өнөктөштөр

Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын натыйжалуу ишке ашыруу максатында сунушталган өнүктүрүү идеялары жана багыттары финансыга бекитилген жана финансы менен ресурстарга бекитилбеген принцип боюнча каржылоонун булактарына жана көлөмдөрүнө ылайык ишке ашыруунун эки План түрүндө принципиалдуу жол-жоболоштурулду.

Бүгүнкү күндө муниципалитет шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эл аралык донорлор жана инвесторлор менен кызматташуунун ийгиликтүү тажрыйбасына ээ. Бюджеттик чыгымдарды минималдаштырууга мүмкүндүк берген мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлору да Программаны ишке ашыруунун олуттуу аспабы болуп эсептелет.

Жергиликтүү коомчулуктун, ӨЭУнун, жаштардын жана бизнес өкүлдөрүнүн коомдук мейкиндикти өнүктүрүү, шаардык чөйрөнү калыптандыруу, жана башка боюнча демилгелери жана долбоорлору жигердүү катышат жана колдоого алынат.

Албетте, Программанын иш-чаралар Планын сапаттуу ишке ашыруу, жакшы жыйынтыктарга жетүү үчүн негизги жоопкерчилик белгиленген пландарды жана идеяларды ишке ашыруу процесстерин уюштуруу боюнча шаардык кызматтарга жүктөлөт.

Төмөндөгүлөр Программаны ишке ашыруунун негизги катышуучулары менен өнөктөштөрү болуп эсептелет:

МАБдар, үй жана кварталдык комитеттер;

шаардык түзүмдөр жана кызматтар;

муниципалдык ишканалар;

тейлөөчү уюмдар;

эл аралык уюмдар жана донорлор;

жеке инвесторлор жана өнөктөштөр;

мамлекеттик түзүмдөр министрликтер жана ведомстволор.

2-глава. Финансылык камсыздоо

Программаны ишке ашыруу, жергиликтүү бюджетте жыл сайын тийиштүү жылга каралган каражаттын алкагында, ошондой эле бюджеттен тышкаркы кошумча каржылоо булактарын тартуунун эсебинен жүргүзүлөт.

Төмөнкүлөрдүн эсебинен каржыланат:

Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан;

муниципалдык ишканалардын өздүк каражаттарынан;

эл аралык донорлордун жана эл аралык уюмдардын гранттык жана насыялык каражаттарынан;

демилгечи топтордун жана коомдук уюмдардын ыктыярдуу ресурстарынан жана салымынан;

жеке өнөктөштөрдүн, инвесторлордун жана башкалардын инвестициялык каражаттарынан.

2017-жылга кирешенин жалпы суммасы 8983,3 млн. сом өлчөмүндө бекитилген, анын ичинен республикалык бюджеттен 2068,2 млн. сом. максаттуу трансферт. Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгендиктен жана сатууга салыктар боюнча түшүүлөр азайгандыктан республикалык бюджеттен максаттуу трансферт бөлүндү, трансферттин үлүшү бюджеттин жалпы көлөмүнүн 22% түзөт.

2018-жылга болжол 9060,6 млн. сомду түзөт, 2019-жылга болжол 9582,3 млн. сомду түзөт, 2020-жылга болжол 10230,7 млн. сомду түзөт.

Бул төрт жылдык программаны ишке ашырууга 27541,146 млн. сом суммасындагы каражат зарыл (анын ичинде 2017-жылга – 4964,753 млн. сом, 2018-жылга – 14664,929 млн. сом, 2019-жылга – 4476,727 млн. сом, 2020-жылга – 3434,737 млн. сом). Ошондой эле, программаны ишке ашыруу муниципалитеттин өздүк каражатынын эсебинен эле эмес, инвесторлордун насыялары жана гранттары, республикалык бюджеттин жана муниципалдык ишканалардын өздүк каражаттары сыяктуу башка булактардан да жүзөгө ашырылат.

Программаны финансылык камсыздоо

(млн. сом)
 Муниципалдык каражаттар%Башка булактар%Бардыгы
2017-ж.1889,473383075,280624964,753
2018-ж.2358,4511612306,4788414664,929
2019-ж.2207,737492268,990514476,727
2020-ж.3050,23788384,500123434,737
 9505,8983518035,2486527541,146

Программа өзүнө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) принцибине негизделген долбоорлорду ишке ашырууну камтыйт. Бул долбоорлор, Бишкек шаарында муниципалдык токтотмолорду уюштурууну жакшыртууга жана мектепке чейинки мекемелерди курууга багытталат.

Программа ошондой эле төмөндө көрсөтүлгөн багыттар боюнча программаларды ишке ашыруу иш-чараларын өзүнө камтыйт:

Суу жабдуу жана суу бөлүштүрүүнү жакшыртууга 1458,770 млн. сом.

Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү 528,300 млн. сом суммасында;

Санитардык тазалоо 1342,800 млн. сом суммасында;

Шаардын тышкы жарыктандыруусун жакшыртуу 1324,600 млн. сом суммасында;

Жол инфраструктурасын жакшыртуу 14444,100 млн. сом суммасында;

Коомдук транспорт кызмат көрсөтүүлөр системасын жакшыртууга 837,910 млн. сом суммасында.

3-глава. Башкаруунун ачыктыгы

Башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу сапатын жакшыртуу жана шаардыктардын ар кандай топторунун кызыкчылыктарынын теңделишине жана макулдашуусуна жетүү максатында Бишкек шаарынын мэриясы шаардык башкаруу тутумун шаарды өнүктүрүү жана жашоо-тиричиликти камсыздоо маселелери боюнча коомдук маанилүү чечимдерди кабыл алуу жана ишке ашыруу процесстерине шаардыктарды, коомдук уюмдарды, демилгечи топторду жана бизнес-коомчулукту жигердүү жана кеңири тартуу үчүн шарт түзүү, жеткиликтүүлүктү камсыздоо, ачык-айкындуулук принциптеринде калыптандырууга умтулат.

Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу М.Чекирова