ӨРТ КООПСУЗДУГУН САКТООНУН ЭРЕЖЕЛЕРИ БОЮНЧА АЧЫК САБАК БОЛУП ӨТТҮ

2022-жылдын 24-январында Бишкек шаарынын мэриясынын Экономика жана  инвестициялар  департаментинде  өрт  коопсуздугунун сактоонун эрежелери боюнча ачык сабак болуп өттү.

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Биринчи май району боюнча адистери департаменттин кызматкерлерине өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү жана окутуу иштерин өткөрүштү.

 Анда алар департаменттин кызматкерлерине өрт коопсуздугун сактоонун эрежелери боюнча айтып берди. Ошондой эле, өрт коопсуздугу боюнча адистер өрттүн келип чыгуу себептерин  жана аны алдын алуу жөнүндө маалыматтар менен бөлүшүштү.

Өрт коопсуздугун сактоонун  эрежелери боюнча ачык сабак суроо-жооп иретинде кызыктуу өттү.