БОРБОР КАЛААНЫН МУНИЦИПАЛИТЕТИ АВСТРИЯ МЕНЕН БАЙЛАНЫШТЫ БЕКЕМДЕЙТ

Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинде кыргыз-австрия бизнес-форумунун жана Бишкек шаарында эки тараптуу экономикалык байланыштар боюнча кыргыз-австрия аралаш комиссиясынын отурумунун алкагында Австриядан келген делегация менен жолугушуу болуп өттү.Делегациянын курамында Консулдуктун, министрликтердин жана Австрия Элчилигинин соода бөлүмүнүн соода атташесинин өкүлдөрү болгон. Ошондой эле жолугушууга ар кандай технологияларды жана өндүрүштөрдү чыгарган компаниялар: лабораториялык жабдуулар, металл иштетүү жана металлургиялык жабдуулар, акылдуу маалымат процесстери үчүн платформа, эл аралык ишкердик, курулуш жана кыймылсыз мүлк долбоорлорун санариптик башкаруу чөйрөсүндөгү компаниялар катышты. Агенттиктин директору муниципалитет шаарды өнүктүрүү чөйрөсүндө ар түрдүү багыттарда жана шаардын жашоо-турмушунун ар кандай чөйрөлөрүндө жаңы сунуштарды кабыл алууга жана австриялык кесиптештеринин Вена шаарын өнүктүрүүдө таштандыларды кайра иштетүүчү, таштанды чыгаруучу завод куруу багыттары боюнча, ошондой эле Акылдуу шаар принциптерин киргизүү боюнча жакшы тажрыйбаларын алууга даяр экенин белгиледи.Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Бишкек шаарынын мэриясы менен Австриянын ортосундагы экономикалык байланыштарды мындан ары чыңдоого үмүттөнөрүн билдиришти.