Бүгүн, 2021-жылдын 5-мартында Бишкек шаарынын мэриясынын Экономика жана инвестициялар департаменти Ак калпак күнүн белгиледи.
Ак калпак байыртадан мырзалардын улуттук баш кийими жана ата-бабалардан урпактарга калган баа жеткис мурас болуп саналат.
Бул майрамдын урматына Бишкек шаарынын мэриясынын Экономика жана инвестициялар департаментинин эмгек жамааты улуттук баш кийим менен жумушка келишти.
Бул иш-чаранын максаты кыргыз маданиятын даңазалоо болуп саналат. Ак калпак күнү майрамдык маанайда жана жагымдуу атмосферада өттү.
