2021-жылдын 27-мартында Бишкек шаарынын мэриясынын Экономика жана инвестициялар департаментинин кызматчылары жалпы шаардык ишембиликке чыгышты. Алар Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналынын тегерек четин ар кандай таштандылардан тазалашты.
Ишембиликтин негизги максаты – борбор калаабызды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана көчөлөрдүн тазалыгын камсыз кылуу болуп саналат.
Бишкек шаарынын мэриясынын Экономика жана инвестициялар департаментинин кызматчылары шаарыбызды таза сактоо үчүн мындай ишембиликтерди ар дайым өткөрүп туруу зарыл экендигине маани беришип, иш жүзүндө ар ишембиликке активдүү катышып келишет.
