• Биринчи Май районунда И.Раззаков көчөсүнүн кесилишиндеги Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүндө;
• Октябрь районунда «Асанбай» кичи базарынын жанында;
• Свердлов районунда Т.Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.
Жарманкелерде Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору эт, сүт азыктарын, ун, бал, жашылча-жемиш, жумуртка жана башкаларды ишемби жана жекшемби күндөрү саат 9:00дөн 16:00гө чейин ортомчуларсыз жана арзан баада сатып ала алышат.
Жарманкени Айыл чарба министрлиги менен Бишкек шаарынын мэриясы биргеликте уюштурууда.